Ошто арматура менен катуу сабалган жаран өзүнө келди

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Ошто уюшкан топтун мүчөлөрү тарабынан сабалган жаран өзүнө келди. Бул тууралуу Ош шаардык оруканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, анын абалы турукташа баштады.

13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүнөн банктын жанынан 1993-жылы туулган жарандын сөөгү табылып, аны белгисиз адамдар тобу сабап өлтүрүшкөндүгү аныкталган. 14-январда ыкчам-издөө иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлери Чүй облусунун аймагында чек арадан өтүү аракетинде издөөдө жүргөн эки шектүүнү кармаган. 13-январда бул өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу, кылмыш чөйрөсүндө Женго деген каймана ат менен таанымал болгон, Кадыр Досонов кармалып, баш-аягы 5 адамга издөө жарыяланган эле.