Ошто каза болгон 3 бала жана келин. Балдардын бирөөсү ошол айылдагы тууганы болгон

Ошто 31 жаштагы келин менен 3 баланын жансыз денелери табылган. Ош ОИИБ маалымат таратып, алардын иске ууланганын билдиришкен.

Муфтияттан маалымат таратышып, 6-март күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков баштаган казыят кызматкерлери Кара-Суу районунун Савай айыл аймагында 3-март күнү көмүрдүн исине ууланып кайтыш болгон 4 адамдын жакындарын зыярат кылып, акчалай жардам көрсөтүшкөнүн билдирди.

Дин кызматкерлери маркумдардын жакындарына көңүл айтып, Куран окуп, дуба кылышкан. «Өлүм деген баарыбыздын башыбызда бар. Өлүм айтып келбейт. Кайрат кылыңыздар», – деди Абдималик ажы Турсунбеков.

«Аталган 4 адамдын үчөөсү бир үйдөн, бирөөсү ошол эле айылдагы тууганы болгон»,- дешти.