Ошто Кемпир-Абад боюнча билдирүү жасаган Асамидин Мухиддинов сурак берип жатат

Ошто Кемпир-Абад боюнча билдирүү жасаган Асамидин Мухиддинов кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-октябрь күнү Араван райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмү тарабынан Араван РИИБге Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гулбар айылынын тургуну 1983-жылы туулган Мухиддинов Асамидин Иброхимович бала багуу үчүн жалпы 106 миң 965 сом акчаны төлөбөй жүргөндүгү боюнча сунуштама келип түшкөн.

Аталган сунуштама Араван РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына 7-октябрь күнү катталып, текшерүү иштери башталган. Текшерүүнун жүрүшүндө Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гулбар айылынын тургуну Мухиддинов Асамидин Иброхимовичти сурак кылуу үчүн бир канча ирет тергөө тапшырмасы берилип, тергөөгө камсыздалбагандыктан, Араван РИИБдин начальнигинин наамына тергөө тапшырмасы берилген. Аталган тергөө тапшырмасы РИИБдин тийиштүү кызматкерлерине тапшырылып, 14-октябрда тергөөгө камсыздалып, алимент төлөбөгөндүгү боюнча сурак кылынууда.

Ал буга чейин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирде Кемпир-Абад боюнча билдирүү жасаган.