Ошто көгала болуп сабалган аялдын жолдошу кармалды

Өзгөндө аялын сабаган жолдошу кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

10-июнда шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголгон. Бүгүн, 11-июнда жабырлануучунун жолдошуна айыбы угузулуп, шектүү катары Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жакын арада тергөөнүн жыйынтыгы боюнча топтолгон материалдар юридикалык баа берүү үчүн сотко жөнөтүлөт.