Ошто колледждин мугалимдери пара алууга шектелип кармалды

ИИМдин Тергөө кызматына Ош медициналык колледжинин студенттери кайрылып, мугалимдер тарабынан акча каражаты талап кылынып жаткандыгын билдиришкен. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө коррупциялык схема аныкталган. Алсак, мыйзамсыз жол менен алынган акча каражаттарын окуу жайдын айрым кызматкерлери өз кызыкчылыктарына жумшоо максатында өз ара бөлүшүп алышмакчы болушкан. 24-апрелде Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чараларынын негизинде, окуу жайдын имаратынын жанынан колледждин мугалимдеринин бирин пара алуу учурунда кармашкан. Ага жеке тинтүү жүргүзүү учурунда жанынан мурда белгиленген 6 миң сом акча каражаты табылган.

Мыйзамсыз акча каражатын алгандан кийин көчөдөн кармалган экинчи мугалимге да өздүк тинтүү учурунда сумкасынан 13 500 сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылган. Ортомчу болуп жүргөн студентке жеке кароо учурунда 5000 сом акча каражаты табылган. Милиция кызматкерлери тарабынан жетекчи курамдагы кызматкер – директордун орун басары да кармалып, ага карата жанына жеке тинтүү учурунда сумкасынан 2000 сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылган.