Ошто коноктору менен чогуу тонолгон үй-бүлө. Окуянын чоо-жайы

Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматкерлери тарабынан каракчылык менен кол салуу фактысынын бетин ачылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

30-ноябрда эртең менен Араван РИИБдин кызматкерлери Анаров айыл округунун тургунунун үйүнө белгисиз адамдар кирип барып, үй ээлеринин денесине жаракат келтиргендиги тууралуу маалымат алышкан. Окуя болгон жерге райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери чыгып, окуянын чоо-жайын тактоо учурунда төмөнкүлөр аныкталган.

29-ноябрь күнү саат 19:30 чамасында ок атуучу курал жана бычак менен куралданган камуфляж кийим жана беткап тагынган эки адам көрсөтүлгөн дарекке киришкен. Бул учурда үйдө 61 жаштагы үй-бүлө башчысы, анын кызы, келини жана башка коноктор болгон. Кол салгандар аларды өлтүрөбүз деп коркутуп, баарын байлап, акча жана баалуу буюмдарды талап кыла башташкан. Кол салгандар үйдөн сейфти таап алышып, аны ачууга аракет кылып, бирок ачкычтарын сындырып алышкан.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин үйдүн кожойкеси коноктон үйүнө кайтып келип, эмне болуп жатканын көрүп, ызы-чуу салган. Кол салгандар сейфти ачуу мүмкүн эмес экенин түшүнүшүп, накталай акчаларды, ар кандай маркадагы алты телефонду жана башка буюмдарды алып, изин жашырып кетүүгө шашышкан.

Жабырлануучулар нес абалында болушкан, бирок кылмыш тууралуу милицияга билдирүүгө шашылышкан эмес. Ал эми милиция кызматкерлерине башка жарандардан каракчылык тууралуу маалымат түшкөн. Бул фактынын негизинде Араван РИИБи тарабынан «каракчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары Араван РИИБ жана Ош ОИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. Тергөө иштерине кол салгандар Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа менен качып кетишкени тууралуу маалымат болгон.

Трассадан анча алыс эмес жерде Араван районунун чыга беришиндеги камыштын арасынан милиция кызматкерлери шектүү адамдарга тиешелүү буюмдарды табышкан. Табылган сумкада бир нече камуфляж костюмдары, кроссовкалар, маскалар, бычактар, скотч болгон. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, Бишкек шаарынын аймагынан Ош облусунда туулган, учурда Чүй облусунун Сокулук районунда жашаган 1985-жылы туулган мурда соттолгон жаран кармалган. Экинчи кармалган адам Казакстандын жараны, Алматы шаарынын 1987-жылы туулган тургуну. Алынган маалыматтарга караганда, мурда адам өлтүрүү фактысы боюнча соттолгон.

Учурда тоноочулукка тиешеси бар башка адамдарды кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө. Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.