Ошто көп кабаттуу үйдөн эки окуучу кыз боюн таштап жиберип, бири мүрт кетти

Иллюстрация

Ошто көп кабаттуу үйдөн эки окуучу кыз боюн таштап жиберип, бири мүрт кетти. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан маалымдашты.

Кечээ, 17-март күнү саат 13:30 чамасында Ош облустук ооруканасынан маалымат келип түшкөн. Ал маалыматка ылайык, Ош шаарынын Карл Маркс атындагы орто мектебинин 7-классынын эки окуучусу беш кабаттуу үйдүн чатырынан боюн таштап жиберишкен. Кыздардын бири окуя болгон жерде каза болгон, экинчиси оор абалда ооруканага жеткирилген. Учурда бул факты боюнча ар тараптуу иликтөө иштери башталды.

Милиция кызматкерлери тарабынан быйыл эле педагогикалык жамаат менен биргеликте аталган орто мектепте бир нече ирет профилактикалык, түшүндүрүү иш чаралары өткөрүлгөн. Акыркы ирет 4-март күнү дагы ал мектепте ушундай жолугушуу өтүп, анда милиция кызматкерлери, муниципиалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү, психологдор дагы катышып, балдардын кылмыштуулуктан алыс болуусу, суициддин алдын алуу иштери тууралуу сөздөр, суроо-жооптор болгон.