Ошто көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты (видео)

Ош шаарынын Ибраимов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн чатырынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат 10:08де Ош шаардык №12 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылган. Өрт 10:46 чектөөгө алынып, 12:18де толук өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок.