Ошто кош бойлуу келин бычакталып, төрөтканага түштү.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Ош облустук төрөткананын жетекчиси менен байланышканыбызда, курсактагы баланы сактап калууга мүмкүн болбогонун билдирди. «5 айлык түйүлдүк болгон. Сактап калууга мүмкүнчүлүк болгон жок», — деди ал.
- Кечээ, 23-август күнү саат 23:30 чамасында Кара-Суу РИИБге арыз түшкөн. Анда 33 жаштагы жаран оор жаракат менен ооруканага кайрылгандыгы боюнча билдиришкен. Бул факты маалыматтык электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө, 40 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну өзүнүн үйүндө аялы менен пикир келишпестиктен улам ага учтуу нерсе менен сайып жибергендиги аныкталган. Кесепетинен жабырлануучуну туугандары аны Ош облустук төрөт үйүнө жеткизишкен. Бул жагдай боюнча ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертизасы дайындалган. Окуя боюнча күбөлөр суралууда. Бүгүн, 24-август күнү аталган окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.