Кечээ, 23-август күнү саат 23:30 чамасында Кара-Суу РИИБге арыз түшкөн. Анда 33 жаштагы жаран оор жаракат менен ооруканага кайрылгандыгы боюнча билдиришкен.
Бул факты маалыматтык электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө, 40 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну өзүнүн үйүндө аялы менен пикир келишпестиктен улам ага учтуу нерсе менен сайып жибергендиги аныкталган. Кесепетинен жабырлануучуну туугандары аны Ош облустук төрөт үйүнө жеткизишкен. Бул жагдай боюнча ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертизасы дайындалган. Окуя боюнча күбөлөр суралууда.
Бүгүн, 24-август күнү аталган окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.