Ошто кудукка түшүп каза болгон 3 жаштагы баланын жакындары эксгумацияга каршы болгону маалым болду

Буга чейин “Балдардын укугун коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова соцтармактагы баракчасына Ошто 3 жашар бала каза болгонун, жакындары анын өлүмүнүн себебин жашырып жатышканын жазып чыкканОш ОИИБ маалымат таратып, баланын кудукка түшүп каза болгонун, факты каттоого алынганын билдиришкен.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги каза болгон наристенин атасынын бир тууган карындашы менен байланышканыбызда, баланын таякесинен шек санап жатышканын айткан. «Атасы менен апасы экөө тең Москвада болчу. Ажырашабыз деп баланы тай жагына алып кетишкен. Милиция кудукка түшүп кетип каза болду деди, бирок мен ишенбейм, аны кудукка түшүп каза болду кылып коюшту. Бала каза болгон соң 2 сааттан кийин эле эч кимге билгизбей жерге беришкен экен. Кошуналары да билишпептир. Таякеси агама чалыптыр. Тез жардам чакырышыптыр, бирок дарыгерлер да баланын каза болгону тууралуу маалыматты милицияга беришкен эмес. Анткени, аларга тайнеси жаздыртпай койгон экен. Азыр байкем эксгумация кылдыртууну ойлонуп жатат», — деген эжеси

Бүгүн, 30-мартта редакция Ош ШИИБ менен байланышканыбызда, окуя боюнча тергөө уланып жатканын билдиришип, жакындары эксгумацияга, экспертизага каршы болушканын билдиришти. Чарчап калган баланын эжеси маалыматты тастыктап, эксгумацияга баланын атасы каршы болуп койгонун айтты.