Ош облусунун аймагында жүргүзүлүп жаткан “Бандит” аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чара учурунда Кара-Суу районунун аймагында ортого акча коюп, кумар оюну катары короз уюштургандардын аракетине бөгөт коюлду.
Маалым болгондой, ыкчам кызматкерлерге Кара-Суу районунун аймагында жаран өзүнүн үйүнүн короосунда ортого акча коюп, короз уруштуруу оюнун уюштуруп жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Бул маалымат каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө 1988-жылы туулган С.И. аттуу жаран өзүнүн үйүнүн короосунда ортого акча коюп, короз уруштуруу оюнун өткөрүп жаткандыгы, ал жерге 100дөн ашык коңшу өлкөнүн жараны жана 200 дөн ашык жергиликтүү тургундар чогулгандыгы аныкталды.