Ошто курал жана ок-дарылар сакталган жай табылды (сүрөт)

Ош облусунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

10-март күнү Ош шаарынын Амир-Тимур кичи районунун түштүк тарабында курал-жарак жана ок-дарылардын жашыруун жайы табылды. Анда желим баштыктан “Револьвер” үлгүсүндөгү тапанча 1 даана (8мм), италиялык өндүрүштөгү тапанча -1 даана (8 мм), чет элдик өндүрүштөгү тапанча — 1 даана, (9 мм), граната Ф1 — 1 даана, детонатор капсуласы — 1 даана, АК-74-1 маркасындагы магазин, 9мм, 7,62мм жана 5,45мм калибрлүү ок-дарылар — 61 даана, (ЛПС 7,62 мм), мээлейлер, маскалар табылган.

Ок атуучу куралдардын жана ок-дарылардын табылуу фактысы боюнча УКМК тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда курал-жарактардын жана ок-дарылардын ээлерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.