Ошто Курсан Асановдун тууганы бычактан жаракат алып, ооруканага түштү

Ошто Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун тууганы Жанар Асанов бычактан жаракат алып ооруканага түштү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өз булактарына таянып жазып чыгышкан эле. Бул окуяны Ош шаардык ички иштер башкармалыгы SEREP.MEDIA маалымат агенттигине тастыктап, бирок жаракат алган Жанар Асанов аларга арыз менен кайрылбаганын айтышты.

«Аталган окуя бизге Ош шаардык ооруканасынан 26-январда кабарланган. Анда жаран миздүү буюмдан жараат алгандыгы боюнча айтылган. Жабырлануучу өзүнүн алгачкы көрсөтмөсүндө өзүн-өзү сайып алганын айтып жатат. Окуя учурда милиция кызматкерлери тарабынан иликтенип жатат», – деп билдиришти башкармалыктан.

Жанар Асанов буга чейин Ош шаардык ички иштер башкармалыгында иштеген жана ал Курсан Асановдун жакын тууганы болот.