Ошто куткаруучулар батирден эркек кишинин жансыз денесин табышты

Ошто куткаруучулар батирден эркек кишинин жансыз денесин табышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 11-октябрь күнү ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматы Масалиев көчөсүндө жайгашкан №96 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышкан. Батирдин ичинен болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Эшик ачууга Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.