Ошто күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ошто күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 12-февраль саат 23:01де Тажикстанда күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ал Ош жана Баткенде да сезилген. Тагыраагы, Алай районуна караштуу Нура айылындагы жер титирөөнүн күчү 4 баллга жетсе, Чоң-Алайдын Карамык айылында 3,5 балл, Ош менен Баткенде 3 баллга чейинки сер силкинүү катталган.

Алдына-ала маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар болгон эмес.