Ошто күйөөсүнүн колунан ажал тапкан келин боюнча пост жазган жаран кармалды

Ошто 38 жаштагы келин 26-майда жолдошу тарабынан өлтүрүлгөн. Ал октон алган жаракатынан каза болгон. Келин тууралуу пост жазып, коомчулукта нааразычылык жараткан блогер Айбек Уланов кармалды. Бул тууралуу авдокат Шердор Абдыкапаров билдирди.

Маалыматка караганда, ага 330-берене (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Бүгүн, 5-июнда сотто анын бөгөт чарасы каралат.