Ошто күйөөсүнүн колунан ажал тапкан келин боюнча пост жазган жарандын агасы кармалды

Ошто 38 жаштагы келин 26-майда жолдошу тарабынан өлтүрүлгөн. Ал октон алган жаракатынан каза болгон. Келин тууралуу пост жазып, коомчулукта нааразычылык жараткан блогер Айбек Улановдун агасы кармалды. Бул тууралуу адвокат Шердор Абдыкапаров билдирди.

Маалыматка караганда, агасы адвокатты ИИМде иштей турганын айтып коркуткан. «Кармалды, көрсө бул жаран ИИМде иштебейт экен»,- деди жактоочу.