Ошто оор беренелер менен бир канча жолу соттолгон уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБисинен маалымдашты.
Милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылып, анда 5-июль күнү Ош шаарында белгисиз адам коркутуп, жанындагы 300 долларын жана 60 миң сомун тартып алып койгондугун билдирген. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) белгилери менен катталып, шектүүнү кармоо боюнча атайын иш-чаралар уюштурулган.
Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектелип ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган, мурда Орусияда бир нече жолу оор беренелер менен соттолгон жана Кыргызстанда бир нече жолу соттолгон 1983-жылы туулган Ош шаарынын тургуну кармалды. Бүгүнкү күндө шектүүнүн үстүнөн иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.