Ош шаарында күрөөкананы карактап кетишкен. Шектүүлөр Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.
11-июнь күнү болжол менен түнкү саат 04:30 чамасында эки жаран Ош шаарынын Баялинов көчөсүнүндөгү мейманкананын 1-кабатынын батыш тарабындагы күрөөканага кирип, ал жерде иштеген 21 жаштагы кызматкерди өздөрү менен алып келген белгисиз тапанчага окшогон курал жана темирдин кесиндиси менен коркутушуп, денесине залал келтиришкен.
Жабырлануучунун берген арызына ылайык, күрөөкананын ичинде турган темир сейфтин ичинен болжол менен 300 миң сом жана 1 миллион 300 миң сомдук алтын буюмдарын тоноп кетишкен.
Бул факты боюнча 207-берене (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүу катары Бишкек шаарында качып жүргөн жеринен 2 шектүү кармалып, камакка алынган.