Ошто кызды сөккөн жарандар кармалды

27-август күнү социалдык тармактарга «Жанынан өтүп бараткан кызга, тийишип, сөгүп кетишкен» деген видео тараган.

Аталган факты Кара-Суу РИИБге каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш чараларынын натыйжасында, 25-август күнү Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагында болгондугу аныкталып, окуяга катыштыгы бар болгон Өзгөн районунун 1993-жылы туулган У. уулу С. жана 1993-жылы туулган К. Э. аттуу тургундары тергөө кызматына камсыз болушкан.

Алар жабырлануучу кыз менен сөз талашып урушуп, уят сөздөр менен тилдеп жиберип, бирок кийин кечирим сурашкандыгы аныкталган. Аталган окуя боюнча Өзгөн районунун А. уулу Б.,У.А., Т.С., У.Р., Т.У. жана К.Э. аттуу тургундары тергөө кызматына камсыз болушуп, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.