Ош шаарында жөө адамдар өтчү жол чийинден өтүп бараткан аялды автоунаа учура сүзүп кетти.
Ош ШИИБдин маалыматына караганда, жол кырсык 2-апрелде болгон. Анда 21 жаштагы кызды Hyundai Grandeur үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Жабыркаган кыз оор жаракат алган эмес.
Милиция 35 жаштагы айдоочу кызды ооруканага өзү алып барганын билдирди. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатканы, унаа айып короого токтотулганы кошумчаланды.