Ошто лифт катуу түшүп кетип, 29 жаштагы жигит ооруканага жеткирилди

Ош шаарындагы Масалиев проспектисинде курулуш иштери жүрүп жаткан турак үйдө 1 адам лифт менен төмөн карай түшүп кеткендиги тууралуу маалымат «112» кызматына түшкөн.

Саат 10:30да Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган. Алар жерине жеткенде 1994-жылы туулган жумушчу иш кылып жатып, 1-кабаттан имараттын жер төлөсүнө түшүп кеткендиги аныкталган. Жабыркаган адамды «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришти. Абалы канааттандырарлык.