Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен 1980-жылы туулган аял арыз менен кайрылган. Ал арызында шектүү 2019-жылы Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө жаӊыдан курулушу аяктап жаткан көп кабаттуу үйгө жаӊы лифт алып келип орнотуп берүүнү убадалап, бирок ушул күнгө чейин келишимди аткарбай келгенин айткан. Буюртма берген тарап келишим боюнча акчаларын толугу менен өткөрүп берген. Бүгүнкү күндө буюртмачы тарапка келтирилген чыгым 95 миң 200 долларды түзөт. Арыздануучу өз арызында шектүү келишимди аткарбастан 4 жылдан бери созуп келгендигин, эки подъездге эски лифттерди орнотконун, анын кесепетинен тез-тез бузулуп, ичинде адамдар калып жаткандыгын, ал эми калган эки подъездге эч кандай лифт алынып келе электигин билдирген. Келишимде 4 подъездге жаӊы лифттерди орнотуу тууралуу келишим түзүлгөн. Ал эми шектүү пандемияда учурунда лифттерди Кытайдан алып келе албай калгандыгын айтууда.
Ошто лифтти 4 жыл күткөн жаран арыз жазып, шектүү кармалды
Ош шаарынын 1987-жылы туулган тургуну болгон«Акунбек-Асан» ЖЧКнын жетекчисин убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилди. Бул жаран алдамчылыкка шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан маалымдашты.
- Categories: КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
Related Content
Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды
Автор
СЕРЕП МЕДИА
10:15 12.03.2026
Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты
Автор
СЕРЕП МЕДИА
09:42 12.03.2026
"УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан". Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды
Автор
СЕРЕП МЕДИА
09:37 12.03.2026
Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор... ИИМ журналист камакка алынганын билдирди
Автор
СЕРЕП МЕДИА
09:27 12.03.2026
УКМК экс-депутат Куванычбек Конгантиевдин кармалышы боюнча маалымат таратты
Автор
СЕРЕП МЕДИА
18:13 11.03.2026