Ошто мал уурдап, этин ашканага өткөрүп жүргөн шектүү кармалды

Чоң-Алайда малды уурдап, ашканага өткөрүп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2-январь күнү милицияга ушул эле райондун 1971-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2023-жылдын июль айында Чоң-Алай районунун Ачык-Суу жайлоосунан 2 баш малы жоголуп кеткендигин, ушул күнгө чейин издеп жатканын айтып арыз менен кайрылган. Бул факты каттоого алынып, чогултулган материалдын негизинде кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары Чоң-Алай районунун 2002-жылы туулган тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Шектүү 2023-жылдын 11-июль күнү жайлоодон эки баш малды уурдап, досунун Портер үлгүсүндөгү унаасына жүктөп, Ош шаарына алып барып, ашкана иштеткен тууганына 93 миң сомго сатып жиберген. Шектүү бул кылмыш менен эле токтоп калбастан, жайлоодон 3-4 жаштагы биркасы жок буканы уурдап, ошол эле ашкана иштеткен тууганына 42 миң сомга сатып жибергендиги аныкталды. Андан тышкары учурда шектүүнүн дагы башка 7 баш малды уурдагандыгы боюнча ыкчам издөө иш-чаралары уланып жатат.