Ошто мас абалындагы айдоочу 3 унааны сүзүп, ок чыгарууга аргасыз кылган

Ошто мас абалдагы айдоочу бир нече унааны сүзгөн. Аны токтотуу үчүн курал пайдаланды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

25-декабрь күнү саат 02:00 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызматы Ош шаарынын Осмонов көчөсүндө белгисиз айдоочу Renault үлгүсүндөгү унаасын карама-каршы тилкеде башкарып бара жаткандыктан, артынан барып унааны токтотууну талап кылганда, талапка баш ийбестен кыймылын улантып, милициянын кайгуул кызматына таандык унаанын айдоочу тараптагы эшигин сүзгөн. Кыймылын улантып, ВАЗ 2106 үлгүсүндөгү унаасынын оң тарабын сүзүп, андан кийин Хово үлгүсүндөгү унаасын сүзүп токтогон. Аны токтотуу үчүн милиция кызматкерлер ок чыгарууга аргасыз болушкан. Анын кесепетинен 3 унаа материалдык зыянга учурады. Айдоочу мас абалында экени аныкталган. Ал 2 суткага камакка алынган.