Ошто мас айдоочу кайгуул кызматынан качып, көз жумду

Ошто мас айдоочу милициянын кайгуул кызматынан жашырынууга аракет кылып жатып каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер бөлүмүнөн билдиришти. 

Маалыматка караганда, окуя 16-августта болгон. Милицияга Ош шаарынын батыш тарабында белгисиз айдоочу мас абалында Daewoo Lacetti үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге кайгуул кызматынын экипажы барган. Күбөлөрдүн айтымында, мас айдоочу спирт ичимдиктерин сатып алып, унаага отуруп, айдап кеткен. 

Экипаж айдоочуну Жапалак айылында кууп жеткен, бирок айдоочу токтотуу буйругуна баш ийбей, катуу ылдамдыкта качууга аракет кылган. Бир аздан кийин анын машинасы электр мамысын сүзүп, андан соң жакын жердеги үйдүн тосмосун сүзгөн. 198 -жылы туулган айдоочу оор абалда Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Алган жаратынан ал ооруканада көз жумган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.