Ошто мечитте чөнтөк уурулук кылып жүргөн деген шек менен өспүрүмдөр кармалды

Ошто мечитте уурулук кылууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалымат караганда, кылмыш 27-январда Ош шаарындагы «Аль Бухарий» мечитинде болгон. Жарандардын даарат алуу жана намаз окуп жаткан учурунан пайдаланып Кара-Суу районунун айылынын 2007 жана Өзгөн районунун 2007-жылы туулган тургундары чөнтөк уурулук кылышкан. Алар кармалып сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган эки өспүрүмдүн катышуусунда 9 факты аныкталган. Ош шаардык соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып, жаш курагы эске алынып, ата-энесинин кепилдиги менен үй камагына чыгарылган.