Ошто мектеп окуучуларынын арасында мушташ чыгып, 2 окуучу жаракат алды

Ошто мектептин окуучуларынын ортосунда пикир келишпестик болуп, урушуп кетишкен. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

22-апрель күнү саат 02:00 чамасында Ноокат районунун Ак-Терек айылында Бөкөнбаев менен Айбашов атындагы орто мектептин 9 жана 11-класстарынын окуучуларынын ортосунда пикир келишпестиктер чыгып, өз ара урушуп кетишкендиги жөнүндө кабар түшкѳн. Аталган маалымат Ноокат РИИБге катталып, текшерүүнүн жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын курамы менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарынын жүрүшүндө окуя боюнча күбө катары жалпы 18 жашы жете элек окуучу балдар мыйзамдуу өкүлдөрү катышуусунда суралган.

Күбө катары суралган Колдошов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу — 2005-жылы туулган окуучу өзүнүн көрсөтмөсүндө башка мектептин жана башка айылдын балдары менен пикир келишпестиктер пайда болгондуктан, 22-апрель күнү саат 03:00 чамасында 20 чакты классташтары өздөрү жашаган айылда, башка мектептин жана башка айылдын балдары менен түзүлгөн пикир келишпестикти чечип алуу үчүн топтолушуп турушкандыгын, алар турган жерге Кудайбердиев атындагы лицейдин жана башка айылдын 25 чакты окуучу балдары келишип, эки тараптан 50дөй бала бир-бири менен беттешүү учурунда урушуп кетишип, кесепетинен анын 2 классташына залал келтирилгени маалым болгон.

Аталган окуя боюнча жогорудагы аты аталган мектептин окуучулары кайрадан 24-апрель күнү саат 23:00 чамасында Чоко айылында кайрадан эки тараптан 30 окуучу балдар, башка тараптан К.Кудайбердиев атындагы лицейдин, Э.Эргешов, Т.Айбашов жана Т.Бекиев атындагы орто мектептерини 10-11-класстарынын окуучулары топтолуша баштагандыгы боюнча алдын ала маалымат алынып, аталган мектептин окуучулары топтоло баштаган учурда милиция кызматкерлери келип калгандыктан ар кимиси туш тарапка качып жѳнѳшкѳн.

Териштирүү мезгилинде денесинен жараат алып аймактык ооруканага эч ким кайрылбагандыгы такталды. Аталган факты боюнча соттук-медициналык эксперизалары дайындалып, балдардан, алардын ата-энелеринен жана башка күбөлөрдөн окуя боюнча көрсөтмөлөр алынууда. Бирок денелеринен жараат алган жашы жете элек балдардын ата-энелери эч кимге арыз дооматтары жоктугун билдиришип, арыз жазуудан баш тартышкан. Ноокат РИИБдин Тергѳѳ кызматы тарабынан аталган окуяга тийиштиги бар окуучулардын жана адамдардын өздүгүн аныктоо жана көрсөтмө алуу боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.