Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Жийде айылында 7-октябрь күнү мектеп окуучусу асынып каза болгону маалымдалды. Окуя боюнча Ош ОИИБден маалымат беришти.
«Бул факты 6-октябрь күнү Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Маркумдун жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалып, күбөлөр суралууда. Маркумдун апасы 1991-жылы туулган М.Ж. эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдирген. Чогултулган материалдын жана экспертизанын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат», — дешти.