Ошто мектеп толугу менен күйүп кетти (сүрөт)

2021-жылдын 10-март күнү Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагында жайгашкан Буйга айылында Жалпы аянты 350 чарчы метр болгон Ж.Абидинов атындагы орто мектеп толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

ӨКМ кызматына таңкы саат 04:16да кабар түшүп, өрт саат 06:35те чектөөгө алынган. 08:25те толук өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн себебин тактоо иштери жүргүзүлүүдө.