Ошто милиция кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды

Ош облустук милициясынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын улук ыкчам кызматкери опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ички иштер органдарынын тутумундагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын улук ыкчам кызматкери тарабынан жалпы өлчөмү 40 миң сомду түзгөн акча каражатын опузалап талап кылуу фактысы аныкталды.

20-августта кызматкер жарандын канынан баңгизатын колдонуунун издери табылгандыгын шылтоолоп, наркологиялык экспертизанын корутундусун өзгөртүп, иш боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн 40 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылгандыгы аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ал 30 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.