Ошто милиция кызматкерлеринин автобусу менен жеңил унаа кагышып, 3 киши каза болду

Кечээ, 28-августта саат 16:30 чамасында Ош-Ноокат жолунун Жапалак айылынан чыга беришинде жол четинде карап токтоп турган ИИМ кызматкерлеринин атайын автобусун карама-каршы тилкеде келе жаткан Матиз үлгүсүндөгү автоунаа сүзүп алган. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жеңил унаа ашып өтүү аракетин жасоодо, карама-каршы тилкеге чыгып, бет маңдай кагылышуу жасаган. Жол кырсыгынын натыйжасында Матиз үлгүсүндөгү автоунаада келе жаткан 3 жаран каза болду. Окуя болгон жерде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу иш алып барууда. Жол кырсыгы кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталып, бардык тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.