Ошто милиция тарабынан сабалганын айткан аялдын иши боюнча материал прокуратурага жөнөтүлдү

Кыйноолорду алдын алуу борбору Ош шаарынын тургуну кайрылып, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында ырайымсыз мамилеге туш болгонун айткан. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти. 

Анын айтымында, окуя шаарда болгон: ал дарыканага кирип, сатуучу менен уруша кеткен. Буга жооп кылып сатуучу милиция кызматкерлерин чакырып, алар аны милиция бөлүмүнө алып барып сабашкан. Аталган борбордун кызматкерлери арыз ээсинин денесинде ур-токмокко алуу жана жаракат издери бар сүрөттөрдү изилдеп, убактылуу кармоочу жайдын жетекчилигинен жабырлануучунун алгачкы медициналык кароодон өткөндүгү тууралуу маалымкат алышкан жана тиешелүү акты түзүлгөн. Мындан тышкары окуя болгон Ак-Буура РИИБге атайын барышкан. Бардык чогултулган материалдар прокуратурага жөнөтүлдү.

Буга чейин бул окуя боюнча Ош ШИИБ маалымат берип, аялдын айткандары чындыкка дал келберин айтышкан.