Ошто мончонун суу казаны жарылып, 7 адам жаракат алды (видео)

Ошто мончодо өрт чыгып, 7 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча бүгүн, 5-июнь күнү Ош шаарынын Кокумбий көчөсүндө жайгашкан «Байкөл» мончосунун суу казаны жарылып, өрт чыккандыгы тууралу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 14:06да Ош шаардык №12 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, өрт ыкчам өчүрүлгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен 7 адам жабыркап, Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилди.