Ошто мугалим аял 1 килограммдан ашык «гашиш» сатып жаткан жеринен кармалды (видео)

Ош шаарында 31 жаштагы мугалим аял гашиш менен соода кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматты текшерүү учурунда, ИИМдин кызматкерлери тарабынан Баткен районундагы мектептердин биринде мугалим болуп иштеген аял көптөн бери баңги затын таратып жүргөндүгү аныкталган. Ош шаарында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1 килограммдан ашык «гашиш» баңгизатын сатууга аракет кылган учурда 1993-жылы туулган жаран кармалган.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине ылыйык кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү жаран Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.