Ошто мурдагы күйөөсү аялды сабады делген видео боюнча милиция маалымат таратты

Бүгүн, 6-сентябрь күнү Инстаграмда “Бывший муж пришел избивать. Город Ош” деген жазуу менен видеоматериал таркаган. Аталган видеоматериал боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымат таратышты.
Ош ШИИБнын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн тергөө кызматынын алгачкы маалыматына караганда, 3-сентябрь күнү түшкө жакын Ош шаарынын Авиценна көчөсүндө жайгашкан ашканада иштеп жаткан 1992-жылы туулган аялга анын мурдагы күйөөсү келип, ортодогу 4 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн сураган. Балдардын атасы балдарды өз айылына барып мектепке окутууну пландаштырып жаткандыгын айткан. Балдардын апасы күбөлүктөрдү берүүдөн баш тарткан. Ортодо жаңжал болуп, күйөөсү аялына кол көтөргөн. Аял менен бирге иштеген ашпозчулар жардамга элди чакырып, жакын жерде курулушта иштеген адамдар келишип, экөөнү ажыратышкан. Аялдын мурдагы күйөөсү, 1988-жылы туулган, Алай районунун тургуну ошол күнү ооруканага түшкөн. Анын 4-сентябрдагы милицияга жазган арызына караганда, аны аялына болушуп, ажыраткан эркектер токмоктоп кетишкен. Ушул эле күнү 4-сентябрда жабырланган аял дагы мурдагы күйөөсүнүн үстүнөн арыз жазды. Учурда окуянын бардык катышуучулар аныкталып, көрсөтмө беришүүдө.
Жубайлар сот тарабынан расмий ажырашышкан.
Учурда Ак-Буура милиция бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан иликтөө жүрүп жатат. Аялга коргоо ордери берилген. Эки тарапка тең жараттын оордугун аныктоо боюнча соттук медициналык экспертиза дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы менен тергөө кызматы иш алып барууну улантат.