Ошто мурунку сүйлөшкөн кызынын ажырашып кеткен күйөөсү тойго кетирген 150 миң сомду кайтарууну талап кылган

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына И.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, мурунку сүйлөшкөн кызынын ажырашып кеткен күйөөсү тарабынан опузалап акча талап кылып жатканын билдирип, чара көрүп берүүнү суранган. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

Алынган маалыматтарга ылайык, 24-июндан тартып ушул күнгө чейин арыздануучунун мурунку сүйлөшкөн кызынын ажырашып кеткен күйөөсү ага телефон чалып, тойго кетирген 150 миң сом акча каражатын кайтарып берүүнү талап кылып, балдарга сабатып, өлтүрүп кетем деп опузалап акча талап кылып жаткандыгы аныкталган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, 17-июлда Ош шаарында 40 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын арыздануучудан алып жаткан жеринен 1991-жылы туулган К.А. кармалып, Ош ШИИБдин Ак-Буура МБнын Тергөө кызматына жеткирилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.