Ошто «Муслим» турак жай кооперативинин жетекчиси кармалды. Анын үстүнөн 8 арыз түшкөн

Ош шаарында «Муслим» турак жай кооперативинин жетекчисинин үстүнөн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганжа, жетекчинин үстүнөн өткөн жылдын декабрь айынан тартып 8 арыз түшкөн. Ошондуктан бул аялдын үстүнөн кылмыш иши козголуп, Ак-Буура милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүлөрү тарабынан алдамчылыкка шектүү тергөөгө камсыздалып, тергөө уланууда.

Бул аялдан жабыркаган арыз ээлери аталган кооперативдин негиздөөчүсү бир нече жарандарга үй жана машина алып берүүнү убадалап, бирок бир нече айдан бери убадалаган үй менен унааны бербестен же акчасын кайтарбастан ар кандай убадаларды берип жүргөндүгүн айтышкан. Арыздануучулардын бири 1 миллион 600 миӊ сом, ал эми экинчи жаран 1 миллион 600 миӊ сом үй алуу үчүн берсе, дагы бир жаран унаа алуу үчүн 210 миӊ сом бергендигин билдиришип, арыз жазышкан. Бүгүнкү күндө ушундай мазмундагы 8 арыз түшкөн.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү шектүү «Муслим» турак-жай кооперативинин негиздөөчүсүнөн жабыркагандар болсо 03222-6-64-02, 0700-50-50-37 номурлары аркылуу байланышып коюуну суранат.