Ошто мыйзамсыз иштеген кумаркана аныкталып, ээсинен пачкалаган акча табылды

УКМК тарабынан Ош шаарында мыйзамсыз кумар оюн жайынын бети ачылган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз кумар оюн жайынын бети ачылып, бөгөт коюлду. 27-апрелде тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө кумар оюн жайынан 327 миң сом жана 16 компьютер табылган Ошондой эле, аталган мекеменин жетекчиси Кыргыз жаранынан 597 миң 200 сом, 4 800 доллар, 4 000 рубль жана 4 процессор табылган. Учурда уруксаты жок иштеп жаткан кумар оюн жайларын аныктоо жана бөгөт коюу иштери уланууда», — деп айтылат маалыматта.