Ошто 10 жаштагы кыз өгөй атасы тарабынан зордукталды делген окуя боюнча тергөө иштери башталды

Ош облусунун Өзгөн районунда 10 жашар кызга карата өгөй атасы ыплас иш-аракеттерди кылып жүргөн деп кайрылган келиндин иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун Прогресс айылынын 29 жаштагы тургуну 25-январь күнү саат 19:00 чамасында өзүнүн үйүндө күйөөсү аны уруп денесине жаракат келтиргендиги боюнча арыз жазган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучу аял анын биринчи турмуштагы 10 жаштагы кызын күйөөсү бөлмөнүн ичинде ыплас аракеттирди жасагандыгы жөнүндө билдирген. Кызга карата соттук медициналык текшерүү болуп анда кыздын денесинде жаракаттар байкалбагандыгы, кыздык белгиси бүтүн жана арткы тешиги дагы жабыркабаганы аныкталган.

Бирок буга кыздын апасы макул эместигин билдирип, кошумча соттук-медициналык экспертизага токтом дайындап берүү жөнүндө өтүнмө менен кайрылган. Андан келиндин өтүнүчү канааттандырылып 10 жаштагы кызга карата кошумча соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Келин 2008-жылы Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагына турмушка чыгып, жарандык никеде жашап 2010-жылы туулган уулдуу жана 2011-жылы туулган кыздуу болушкан. 2011-жылдын декабрь айында жарандык никедеги жолдошу кылмыш жасап соттолуп кеткен. Мындан улам ал балдарын багуу үчүн 2014-жылы Орусияга кеткен. Ал жактан Өзгөн районунун тургуну 31 жаштагы Ж.З. менен таанышып, 2019-жылдын апрель айында баш кошуп бирге жашап келишкен. 2020-жылдын октябрь айында Орусиядан өлкөгө келишип жолдошунун үйүндө жашап калышкан. Бирок ортолорунда балдары жок.

Кыздын өгөй атасы Ж.З окуя боюнча көрсөтмө берип, анда өгөй кызына карата эч кандай ыплас аракеттерди жасабагандыгын, өз баласындай мамиле кыларын, уруша кеткендигине өчөшүп аялы ага карата тергөөдө туура эмес маалыматтарды берип жаткандыгын билдирген. Бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш иши боюнча 10 жашар кызга кошумча соттук-медициналык, соттук-психиатриялык, ал эми алынган ич кийимдерине соттук-биологиялык, апасына жана өгөй атасына карата соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалган. Учурда жыйынтык чыга элек.

«Келиндин интернетке Өзгөн РИИБинин кызматкерлери боюнча жайылткан видео кайрылуусу чындыкка дал келбейт, себеби сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө аракеттери объективдүү жүргүзүлүп келүүдө», — деп билдирди басма сөз кызматынан.