Ошто окуучу кыздардын боюн таштап жиберүүсү. Бир ай мурда жанын кыйган окуучу да Карл Маркс атындагы мектепте билим алчу

Кечээ, 17-мартта Ошто көп кабаттуу үйдөн эки окуучу кыз боюн таштап жиберип, бири мүрт кеткени маалым болгон. Бул окуянын чоо-жайын Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков айтып берди.

Басма сөз катчынын айтымында, боюн таштап жиберген кыздар классташтар жана шаардагы Карл Маркс атындагы мектепте 7-класста билим алышат. Окуя болгон күнү окуучулар 6 сабак окушкан жана мектептен көтөрүңкү маанайда кетишкен. Тергөөдө алардын жанын кыюуга эмне себеп болгону аныкталууда.

«Окуучулардын өз жанын кыюу аракетине байланыштуу бул жыл башынан бери катталган үчүнчү окуя. Бир ай мурда ушул эле Карл Маркс атындагы мектептин окуучусу ушул эле даректеги беш кабаттуу үйдөн кулап, каза болгон. Эки окуянын байланышы бар же жоктугу тууралуу азырынча так маалымат жок. Бул боюнча кошумча иликтөө иштери жүрөт», — деди Замир Сыдыков.