Ошто окуучу кызды унаа сүзүп кеткен. Айдоочу кармалды

Ош шаарында окуучу кызды унаасы менен сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, окуя 28-сентябрда саат 18:30 чамасында катталган. Анда Анар кичи районунун 8 жаштагы тургуну «Манас-Ата» кафесинин жанындагы жөө адамдар өтүүчү жолду кесип өткөн. Бул учурда аны Matiz сүзүп кеткен, андан кийин ал Honda SRV менен сүзүшүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кыз Ош шаарындагы ооруканага жеткирилген. Кечээ, 29-сентябрда милиция айдоочуну аныктап, анын 27 жаштагы жаран экендиги такталды. Унаа айып токтотуучу жайга жеткирилип, айдоочу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилди.