«Ошто окуучу сабалып, ооруканага түштү» деген маалымат боюнча милиция үн катты

Буга чейин Vesti.kg Ош облусунун Ноокат районунда окуучу бала сабалып, ооруканага түшкөнүн жазган.

Андагы маалыматка караганда, Кулатов атындагы мектептин 11-классынын окуучулары массалык мушташ уюштуруп, бирөөнү катуу сабап салышкан. Баланын атасы милицияга арыз жазганын билдирген.

Окуя боюнча Ош ОИИБден маалымат беришип, 31-март күнү Кызыл-Кыя ШИИБге арыз менен Ош облусунунун Ноокат районунун 18 жаштагы тургуну арыз менен кайрылганын билдирди.

Анда ага бейтааныш болгон 4, 5 адам эч себепсиз оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, денесине зыян келтиргендигин билдирген. Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБге каттоого алынып, Ноокат РИИБге караштуулугу боюнча жиберилген.

«Учурда жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуяга тиешеси бар жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө»,- деп айтылат маалыматта.