Өмүр бою абакка кесилген жаранга таандык мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
10-март күнү Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам өкүлү тарабынан Ош шаарынын аймагында жаран мыйзамсыз ок атуучу куралды сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө, курал ээси катары Ош шаарынын 1980-жылы туулган күбө катары суралып, ал өзүнүн көрсөтмөсундө 2023-жылдары Ош шаарынын Амир-Темур шаарчасындагы талаага “Сайга” үлгүсүндөгү курал катып койгондугун билдирип, куралды өзү көрсөтүп берүүгө макулдугун билдирген.
Жаран көрсөткөн жерден 1 белгисиз маркадагы ок атуучу курал, 1 ок сала турган магазин жана 10 ок дарылары желим бөтөлкөнүн ичинен табылган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, сүрөт таблицасы түзүлүп, чейме сызылып жана алынган далил буюмдарга тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган.
Мыйзамсыз куралдын ээси — 1980-жылы туулган жаран. Ош шаардык сотунун 2024-жылдагы өкүмү менен терроризм, экстремизм жана каракчылык сыяктуу оор кылмыштары үчүн үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал учурда жаза өтөө мекемелеринин биринде жаза мөөнөтүн өтөп жатат.