Кара-Суу районунун Нариман Жаңы-Маала айылынын Касымбеков көчөсүндө HOWO үлгүсүндөгү көмүр жүктөгөн оор жүктөгөн унаа жолдон чыгып, оодарылып 6 адамды басып калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кулаган унааны кран менен көтөргөндөн кийин 2 аял, 3 кичинекей кыз жана 1 ымыркай каза болгондугу аныкталды. Ал жерге министрликтен ыкчам топ, 1 кран жана 9 куткаруучу тартылышкан. Алар каза болгон жарандарды унаанын астынан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.