Ошто өспүрүмдү унаа сүзгөн учур видеого түшүп калган

Ош шаарында өспүрүмдү койдуруп кеткен айдоочу табылды. Бул туралуу Ош шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-сентябрь күнү Жапалак айылында үйүнүн жанында ойноп жаткан 2014-жылы туулган өспүрүмдү Део Нексия үлгүсүндөгү унаа койдуруп, белгисиз тарапка кетип калган. Издөө иш-чараларын негизинде унаа табылып, айдоочусу Кара-Суу районунун 2001-жылы туулган тургуну экендиги аныкталган. Унаа айып короого коюлуп, айдоочусу тергөө кызматына жеткирилди.