Ошто өзгөчө оор кылмышка шектүү Төлөгөн Мадановго издөө жарыяланды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү өзгөчө оор кылмыш жасаганга шектүү жаранга издөө салат. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын аймагында өзгөчө оор кылмыш жасоого шектүү катары Өзгөн районунун Ийри-Суу айылынын тургуну 1986-жылы туулган Маданов Төлөгөн Урубаевич изделүүдө.

Бою: 170-175 сантиметр, кара тору, толмоч жүздүү, чачы кыска алынган.

Кылмыш жасоого шектелген учурунда кийип жүргөн кийимдери: көк түстөгү кепка, кара түстөгү кышкы куртка, көк түстөгү жынсы шым.

Өзгөчө белгиси: Сол кашынын үстүндө бармак басымдай калы бар.

Жогорудагылардын негизинде, кимде бул шектүү тууралуу маалымат болсо, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнө: 0501-15-07-07, 0554-65-65-65, 0777-45-96-78 номурлары аркылуу байланышка чыгып коюуӊуздарды суранабыз. Маалымат берген тараптар тууралуу жашыруун сыр сакталат.