Ошто Өзбек жаранын коркутуп, бычак сайып, 5 миң доллар которткон шектүү кармалды

Ош облусунда каракчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

1991-жылы туулган Өзбек жараны милицияга арыз менен кайрылган. Анда 14-февраль түнү Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылындагы үйүнөн шериги экөөнү тааныштары алдап алып кеткенин билдирген. Араван районуна алып барып, бир күн кармап жатып, күч колдонуп коркутуп, бычак сайган. Андан кийин коркутуп 5 миң доллар котортуп алгандыгын билдирген. Аталган арыз Ош ОИИБге катталып, тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши боюнча шектүү кармалган. Ал Ош облусунун Араван айылынын 1997-жылы туулган тургуну экендиги такталып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда калган кылмыштуу шериктерин кармоо максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүүдө.