Ошто Папан суу сактагычына эркек киши чөгүп кетти

Ош облусу, Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычына эркек киши чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
«Алдын ала маалымат боюнча, Папан суу сактагычына 1 эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө саат 15:15те 8 куткаруучу тартылган», — деп жазылат маалыматта.